ДИАУБ Кыргызстанда өтө турган шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын ачууда
БИШКЕК, 19-октябрь, 2021-жыл – Бүгүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ), Кыргыз Республикасында 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн миссиясын ачык деп жарыялайт. Бул миссия Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү тарабынан расмий түрдө чакырылган.
Элчи Одри Гловер баштаган миссия 12 эксперттен турган негизги топту камтыйт, алар Бишкек шаарында жайгашкан. Ал эми, узак мөөнөттүү 26 байкоочудан турган топ 26-октябрдан баштап өлкөнүн ар тарабында иш алып барат. Мындан тышкары, ДИАУБ ЕККУга мүчө -мамлекеттерден шайлоо күнүнө бир нече күн калганда 350 кыска мөөнөттүү байкоочуларын жиберүүнү суранууну пландап жатат.
Миссия ЕККУнун жана башка эл аралык милдеттенмелердин, демократиялык шайлоолордун жана ошондой эле улуттук мыйзамдардын так аткарылуусуна байкоо жүргүзөт.
Байкоочулар, добуш берүүчүлөрдү каттоо, үгүт иштери, шайлоо комиссияларынын жана шайлоого тийешелүү башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине, ошондой эле, шайлоо мыйзамдарынын аткарылуусуна жана шайлоого тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүгө көзөмөл жүргүзүшөт. Ошондой эле, миссия үгүт иштеринин массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруусуна мониторинг жүргүзөт.
Миссиянын кызматкерлери мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялар, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык коомдун өкүлдөрү менен байма- бай жолугуушуларды өткөрөт.
Миссия, шайлоонун жүрүшү боюнча өзүнүн аралык отчетун, байкоо жүргүзүү убагында жалпы коомчулукка жана ММКларга сунуштайт. Шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу алдын ала жыйынтыктоочу отчет шайлоо күнүнүн эртеси боло турган пресс конференцияда жарыяланат. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча финалдык отчет шайлоо процесси бүткөндөн кийин эки ай аралыгында чыгарылат.
ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн чектелген миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси эки бөлөк жана өз ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барышат. Кошумча маалымат үчүн https://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan шилтемесин басып ЕККУнун расмий баракчасына кириниз.
ММК учун байланыш даректери:
ММК боюнча аналитиги Иван Годарски мырзага төмөндөгү уюлдук телефон +996 755 855 019 , электрондук дарек ivan.godarsky@odihr.kg , же
ДИАУБнун пресс-катчысы, Катя Андруш айымга төмөндөгу телефон +48 609 522 266 , электрондук почтасы katya.andrusz@odihr.pl аркылуу кайрылсаныздар болот.