ЕККУ/ДИАУБ Кыргызстанда өтө турган шайлоолорго чектелген байкоо жүргүзүү миссиясын ачууда
БИШКЕК, 7-сентябрь, 2020-жыл – Бүгүн Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ), Кыргыз Республикасында 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чектелген миссиясын ачык деп жарыялайт. Бул миссия Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү тарабынан расмий түрдө чакырылган.
Элчи Томас Бозеруп баштаган миссия 12 эксперттен турат жана алар Бишкек шаарында жайгашат. Мындан сырткары, бул миссия, узак мөөнөттүү 18 байкоочудан турган топ өлкөнүн ар тарабында 11-сентябрдан тартып иш алып барат.
Миссия ЕККУнун милдеттенмелеринин, демократиялык шайлоолордун жана ошондой эле улуттук мыйзамдарын аткарылуусуна байкоо жүргүзөт. Байкоочулар, талапкерлерди каттоо, үгүт иштери, шайлоо комиссияларынын жана башка мамлекттик структуралардын иш-аракеттерине, ошондой эле, шайлоо мыйзамдарынын жана шайлоого тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүгө көзөмөл жүргүзүшөт. Миссиясынын жумушунун дагы бир бөлүгү болуп массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүт иштерине мониторинг жүргүзүү болуп саналат.
Миссиянын кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, саясий партиялар, жарандык коомдун активисттери, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуушуларды өткөрөт.
Өлкөдөгү саламаттыкты сактоо боюнча кырдаалды эске алуу менен бирге жана учурдагы COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыймылдоолорго киргизилген чектөөлөрдүн негизинде, ДИАУБ 4- октябрда болуп өтө турган шайлоолорго кыска мөөнөттүү байкочуларды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептен улам, байкоо жүргузүү форматы, башында пландалгандан айырмаланып, чектелген негизде, өлкөнүн бардык аймактарында иш алып бара турган узак мөнөттүү байкочулардан гана түзүлгөн топтордон турат. Миссиянын мүчөлөрү шайлоо күнү чектелген сандагы шайлоо участокторунда байкоо жүргүзө алат, бирок, добуш берүү,добуштарды саноо же жыйынтыктарды чыгаруу боюнча систематикалык түрдө байкоо жүргүзө албайт.
Миссия, шайлоонун жүрүшү боюнча өзүнүн аралык отчетун, байкоо жүргүзүү убагында жалпы коомчулукка жана ММКларга сунуштайт. Шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу алдын ала жыйынтыктоочу отчет шайлоо күнүнүн эртеси боло турган пресс конференцияда жарыяланат. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча финалдык отчет шайлоо процесси бүткөндөн кийин эки айдан кийин чыгарылат.
NB: ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн чектелген миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги кенсеси эки бөлөк, өз ыйгарым укуктарынын негизинде иш алып барышат.
Кошумча маалымат үчүн https://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan шилтемесин басып ЕККУнун расмий баракчасына кириниз же шалоого байкоо жүргүзүү миссиясынын ММК боюнча аналитиги Клаудия Аранда айымга төмөндөгү уюлдук телефон +996 770 804 051, же электрондук дарек claudia.aranda@odihr.kg , же
ДИАУБнун өкүлү, Лаурен Барановска айымга төмөндөгу телефон + 48 695 916 998 (уюлдук телефон), же электрондук почтасы lauren.baranowska@odihr.pl аркылуу кайрылсаныздар болот.