Ресурстар
Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча үй‑бүлөлүк көрсөтмө
«ЕККУ ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймактардагы коопсуздук жана табигый кырсыктын коркунучун азайтуу» долбоорунун алкагында, ЕККУ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмөнү Кыргызстанда колдонуу үчүн кайра иштеп чыкты. Алгач ЕККУнун Сербиядагы миссиясы тарабынан даярдалган колдонмонун ылайыкташкан бул нускасында жер титирөө, суу ташкыны, өрт кырсыгы, радиация жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар боюнча практикалык кеӊештер жана көрсөтмөлөр кеӊири сүрөттөлүп чагылдырылган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) түздөнтүз документтин автору болуп саналган учурдан сырткары, ушул документте көрсөтүлгөн көз караштар, ой пикирлер, жыйынтыктоолор жана башка маалыматтар сөзсүз түрдө ЕККУнун пикирин чагылдырбайт.