ЕККУнун учурдагы Төрагасы Иан Борчтун Кыргызстанга иш сапары аймактагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган
БИШКЕК, 2024-жылдын 27-июну, — Бүгүн ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Мальтанын тышкы жана европалык иштер менен соода министри Иан Борч мырзанын Кыргызстанга болгон иш сапары аяктады. Сапардын максаты ЕККУнун Кыргызстанга узак мөөнөттүү колдоосун белгилөө жана бүтүндөй аймактын коопсуздугун камсыздоого багытталган конструктивдүү өнөктөштүктү бекемдөөдөгү прогрессти талкуулоо болду.
Министр Борч мырза Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мырза, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырза жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев мырза менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Ал ошондой эле Чек ара кызматынын Директору генерал-майор Уларбек Шаршеев мырза менен жолугушту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Министр Борч мырза ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты баса белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана ЕККУнун өлкөдө иштеп жаткан башка институттарынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Биздин уюмубуз бардыгы үчүн коопсуз келечекти камсыз кылууга умтулуп, коопсуздуктун бардык үч өлчөмүндө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгыбызды билдиребиз», - деди Министр Борч мырза.
Министр Борч ошондой эле аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, байланыштарды кеңейтүү жана Борбор Азия боюнча өнүгүү зарылчылыгын баса белгиледи.
«Натыйжага багытталган жана муктаждыктарга негизделген ыкмалар трансулуттук коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн абдан маанилүү. Биздин Бишкектеги Программалык кеңсебиз мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр, ал колдоонун ичиннде - потенциалды жогорулатуу жана аймактык туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоого багытталган эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү долбоорлор», - деп белгиледи Министр.
Учурдагы Төрага ошондой эле чек ара коопсуздугу боюнча аймактык кызматташтыкты колдоо, практикалык машыгуулар аркылуу адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу боюнча аймактык демилгелерди илгерилетүүгө багытталган ЕККУнун уланып жаткан демилгелерин баса белгиледи.
Андан тышкары, Министр Борч мырза Борбор Азиядан, Ооганстандан, Монголиядан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттерге сапаттуу билим берген ЕККУнун Бишкектеги Академиясында болду. Ал академиянын адистердин жана илимий кызматкерлердин аймактык жамаатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалады.
«ЕККУ Академиясы ЕККУнун баалуулуктарын илгерилетүү жана Борбордук Азиядагы коопсуздук, өз ара аракеттенүү, мыйзам үстөмдүгү жана ак ниет башкаруу маселелери боюнча коомдук форум катары кызмат кылуу менен аймактагы флагмандык долбоорлорубуздун бири бойдон калууда. Биз академиянын билим берүү, окутуу жана интеллектуалдык алмашуу жаатындагы үзгүлтүксүз аракеттери үчүн аймактагы коопсуздукка жана өнүгүүгө салым кошкондугу үчүн жогору баалайбыз», - деди Министр Борч.
Иш сапарынын алкагында учурдагы Төрага Борч мырза жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери менен баарлашып, Кыргызстандын эли үчүн ЕККУнун ишмердүүлүгүн бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.