Жаңылыктар
ЕККУнун төрагалыгы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат
ВЕНА/ТИРАНА 9 октября 2020
ВЕНА / ТИРАНА, 9-октябрь 2020-жыл - Албаниянын Төрагалыгы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, Кыргызстанды биримдикке чакырды. "Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иш алып барууга чакырабыз."
Албаниянын ЕККУга төрагалыгы конституциянын жана учурдагы улуттук мыйзамдардын чегинде кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүнү издөөгө түрткү берет.
ЕККУнун төрагалыгы болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөөнү улантат.