ЕККУ борбору Кыргызстандын түштүгүндөгү чек араны аныктоо боюнча ресурстук борбордун ачылышын колдойт
Чек араны делимиттөө жана аныктоо боюнча Кыргызстандагы биринчи ресурстук борбор 2013-жылдын 1-февралында өлкөнүн түштүгү Ош шаарында ачылды.
ЕККУнун Бишкектеги борбору ремонттоо иштерине колдоо көрсөтүү менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик чек араны делимиттөө жана аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик делегациясынын (Паритеттик комиссия) катышуучуларына кеңсе, изилдөө иштерин жүргүзүүчү, тренинг жана жолугушууларды өткөрүүчү борбор катары иш алып баруучу жайга жабдууларды берди.
ЕККУ борбору ресурстук борборлор тармактарын түзүүгө жардам берүүнү 2011-жылы мамлекеттик чек араны делимитөө жана аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын паритеттик комиссиясынын потенциалын түзүүгө колдоо көрсөтүү боюнча келип түшкөн официалдуу суранычтын негизинде улантып келет. Бул сыяктуу борборду Бишкек шаарында ачуу ушул жылга пландалууда.
Ош шаарындагы ресурстук борбор паритеттик комиссиянын коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү менен чек араны делимитөө жана аныктоо процесси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда аянтча катары, ошондой эле, комиссия мүчөлөрүнүн картография жана эл аралык мыйзам сыяктуу, делимиттөө жана аныктоонун техникалык багыттарына изилдөө иштерин жүргүзүүчү жай катары кызмат кылат.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Росс Браун мындай деди: «ЕККУнун Бишкектеги борбору Премьер-министрдин аппаратынын жана Тышкы иштер министрлигинин чек араны делимитөө жана аныктоо сыяктуу татаал маселенин чечилишине багытталган демилгесинин ишке ашуусуна колдоо көрсөтүп жатканына кубанычта.