ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын жаш журналисттери Германиянын министри менен МКК жаатындагы маселелерди талкуулашты
ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын жана Дойче Велле Академиясынын базасында жаш журналисттерге өткөрүлүп жаткан жайкы курстардын – Борбор Азиялык заманбап журналистика мектебинин студенттери, Бишкекте 26-августта иш-сапары менен жүргөн Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү боюнча Федералдык министри Дирк Нибел менен жолугушту. Министрди коштоп жүргөн делегациянын составына Бундестагдын парламентарийи, бизнес-коомдун өкүлдөрү жана Германиянын маалымат агентстволорунун журналисттери кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын, Таджикистандын, Казахстандын жана Өзбекистандын жаш журналисттери окуунун жүрүшүндөгү социалдык темаларга арналган видеорепортаждарды көргөзүштү, ошондой эле, курстан алган таасирлери, келечекке болгон пландары жана аймактагы жумуштун өзгөчөлүктөрү менен өз ойлорун бөлүшүштү. Алар министр менен Европадагы жана Борбор Азиядагы МККнын сөз эркиндигинин принциптерин сактоо, татаал маселелерди, мисалы, улут аралык чыр-чатактар, журналисттердин этикасынын кодекси, маалымат алууга мүмкүндүк, мамлекеттик мекемелер жана башка шериктер менен бирге иш алып барууну чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Немис МККларынын өкүлдөрү Европадагы журналистиканын эң мыкты практикалык методикалары жөнүндө айтып беришти.
Федералдык министр Дирк Нибель мындай деди: “Кыргызстан МККнын сөз эркиндигинин принцибин алдыга жылдыруу маселеси боюнча Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасынан алдыңкы топто. Мамлекетти демократизациялаштыруу көз карандысыз МККлардын өнүгүүсү менен шайкеш жүрүшү керек. Анткени алар коомдогу ой-пикирдин эркин болушуна көмөктөшөт, кээде ачык талаш түрүндө, кээде изилдөө аркылуу жана маселелерди окурмандарга ачуу аркылуу жүрүшү мүмкүн”.
ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын директору Максим Рябков мындай деди: “Бүгүнкү Федералдык Министр Дирк Нибель жана башка мамлекеттик өкүлдөр менен болгон жолугушуу - студенттерге өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана европалык коллегаларынын иши менен таанышууга, алардын мамлекетинин МККга болгон саясаты менен таанышууга, ошондой эле, журналисттердин жана мамлекеттик структуралардын ортосундагы конструктивдүү кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы тажрыйба болуп эсептелет”.
Он жумага арналган, Борбор Азиялык заманбап журналистика мектеби 2010-жылдан бери жайында өткөрүлүп келет. Окуу программасы өзүнө басма сөз, теле-, радио- жана онлайн журналистика боюнча лекцияларды, ошондой эле, саясый-социалдык темаларды, улут аралык чыр-чатактарды, экономика жана экология боюнча маселелерди чагылдыруу боюнча практикалык сабактарды камтыйт. ЕККУ Академиясынын аталган долбоору Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу алдында ишке ашып келет. Ал эми, Германия ЕККУ Академиясынын окуу планын түзүү жана окууну өткөрүүдө эксперттик шерик болгон Дойче Велле Академиясы аркылуу каржылайт.