ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы: Кыргызстан ЕККУга мүчө-мамлекет болгон 20 жылдын ичинде Борбордук Азияда жана анын чегиндеги коопсуздукту колдоодо маанилүү ролду ойнойт
Мындан 20 жыл мурун, 1992-жылдын 30-январында Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Конференциясына (ЕККК) кирген. Кийинчерээк ал ЕККУга айланган.
ЕККУнун жыйырма жылдыгын белгилөө менен катар ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрью Тесорьер мындай деди: “Акыркы жыйырма жыл ичинде ЕККУ коопсуздук боюнча эң чоң регионалдык уюмга айланды. Анын мүчөлүгүнө 56 мамлекет кирет. Алар Евроатлантикалык жана Евразиялык коопсуздук боюнча иш алып барган, бирдей принципти, милдеттемелерди жана маселелерди алган коомдоштук болуп эсептелет.”
“Кыргызстан Борбордук Азия жана анын чегиндеги коопсуздукту колдоодо маанилүү ролду ойнойт. 2012-жылдын 1-январынан баштап маанилүү милдеттенмеге ээ, ал ЕККУнун башкы аскердик-саясий мүчөсү, “Коопсуздук боюнча Кызматташуунун Форумун” башкарат”, деп кошумчалады Эндрю Тесорьер.
“ЕККУнун Кыргызстанда иш алып барышы ЕККУнун Бишкектеги борбору, Коомдук Коопсуздук демилгеси жана ЕККУнун Академиясы аркылуу көрсөтүлгөн.Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу аркылуу коопсуздукту орнотуу жана колдоо боюнча көптөгөн программаларды ишке ашырат. Ошондой эле, өлкөдөгү стабилдүүлүк жана өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана регионалдык кызматташуу боюнча да көптөгөн иштерди алып барат, - деп белгиледи посол, - Мен мамлекет, өкмөт, парламент, сот системасы жана жарандык коом жана МКК менен, ошондой эле, таланттуу, алдыга умтулган кесиптештерим менен тыгыз байланышта иштегеним менен сыймыктанам.”
ЕККК/ЕККУ, 1975-жылдын 1-августунда Хельсински Жыйынтыктоочу Актына кол коюлгандан кийин, өзүнө Европа, Борбордук Азия жана Түндүк Американын мамлекеттерин камтыйт жана саясий диалог, чыр-чатактарды алдын алуу, кризистик маалда кайра калыбына келтирүү сыяктуу маселелерди чечүүдө маанилүү форум болуп эсептелет. ЕККУга мүчө бардык мамлекеттер, ошондой эле Кыргызстан тең укукка ээ жана чечимдер бир добушка келүү жолу менен кабыл алынат.
Өзүнүн структурасы жана уникалдуу системасындагы талаа миссиялары аркылуу Уюм мүчө-мамлекеттерге өздөрүнүн милдеттенмелерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жардам берет.ЕККУнун Бишкектеги борборун ачуу чечими 1998-жылдын 23-июлунда кабыл алынган.
ЕККУнун Бишкектеги борбору мандатына ылайык жана Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин үч негизги багыт боюнча иш алып барат: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык маселелер жана адам укуктары . Ошондой эле, стратегиялык мааниге ээ алты багыт: чек ара коопсуздугу, мыйзамдын улуктугу, башкаруу системасын куруу жана өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу системасын өнүктүрүү, экологияны коргоо жана регионалдык кызматташууну өнүктүрүү боюнча да ишмердик жүргүзөт.