ЕККУ жана шериктери Кыргызстандагы сот системасынын көз карандысыздыгына көмөктөшөт
БИШКЕК, 4-ноябрь 2011-жыл – Бүгүн Бишкекте сот системасындагы сотторду таза шайлоо аркылуу тандап, калктын ишенимин арттыруу боюнча эки күндүк окутуу семинары бүттү.
Бул семинар Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрү үчүн арналган. Ал ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу ( ДИАУБ) жана ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан биргеликте уюшулган. Бул семинардын окутуучулары катары Эстония, Литва жана Россиядан келген укук коргоо маселелери боюнча эксперттер, сот иши боюнча практиктер, саясатчылар жана Даниянын Жогорку сотунун мурунку торагасы Турбен Мелчиор кирди.
Катышуучулар сотторду тандоодо жогорку сапаттагы стандарттардын негизинде кантип таза жана ачык айкын шайлоону камсыздоо керектигин талкуулашты.
Тренинг сотторду тандоо боюнча Кеңештин мүчөлөрүнө арналган. Себеби, бул сот системасынын көз карандсыздыгын сактоого жана калктын ишенимин арттырууда өтө чоң мааниге ээ.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер мындай деди:” Кыргызстанда сотторду тандоо азыркы убакта курч, маанилүү маселе болуп эсептелет. Күчтүү, көз карандысыз сот системасы өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мамлекеттин ичинде да, эл аралык коомчулукта да, шериктерди жана инвесторлорду тартууда да маанилүү болуп эсептелет. Ошондуктан, бул семинар өз убагында өткөрүлгөн жана сотторду тандоодо чечүүчү ролду ойной тургандарга, эл аралык эң жакшы ыкмалар менен бөлүшүүгө максатталган.”
Сотторду тандоо кеңешинин башчысы, Шамарал Майчиев мындай деди: “ Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарга ылайык ачык, таза шайлоо өткөрүү - калктын сот системасына болгон ишеним арттыруудагы эң маанилүү кадам болуп эсептелет. Биздин оюбузча, мурун бул сыяктуу маселелерге туш болгон өлкөлөрдүн эң жакшы ыкмаларын колдонуу - сотторду тандоодо маанилүү.”
Бул конференция ДИАУБ жана ЕККУнун Бишкектеги борбору, БУУнун Орто Азиядагы адам укуктары боюнча жогорку комиссары, Европалык Кеңештин Венециалык Комиссиясы, ЕК-ПРООНдун жаңы укук коргоо долбоору, эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коом жана Сорос фонду менен биргеликте уюшулган.