Жаңылыктар
ЕККУнун Бишкектеги борбору ИИМдин Ички аскер бөлүгүнө Камбар – Ата 2 гидроэлектростанциясында тренинг өткөрүүдө
26 сентября 2011
2011-жылдын 26-сентябрында, Кыргызстандын борбордук регионунда ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу астында, Камбар-Ата 2 ГЭСинин коопсуздугу боюнча 10 күндүк тренинг башталды.
ИИМдин Ички аскер бөлүгүнөн 20 катышуучу ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен ГЭСте орнотулган коргоо видео-көзөмөлдөөнү монтаждоо, колдонуу жана жабдууларды тейлөө боюнча окушат.
Бул тренинг энергетикалык инфраструктуралардын маанилүү объектилерин коргоо жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү катары уюшулду.