ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандагы кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча долбоор түзүүгө көмөктөшөт
Бишкек, 19-сентябрь 2011-жыл – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борборунун долбоорунун алкагында Кыргызстандагы кризистик кырдаалдарды башкаруу маселеси боюнча Франциянын башкаруу структураларынын өкүлдөрүнөн турган делегациясынын визити башталды.
Делегациянын катышуучулары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Шамиль Атаханов, Ички Иштер Министрлигинин кызматкерлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу структураларынын өкүлдөрү менен жолугушат.
Кыргызстандагы кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча талкуу 22-23-сентябрда болот. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат: коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзамды илгерилетүү, аймактык структуралардагы коопсуздукту жогорулатуу, бардык күч структураларында коопсуздук боюнча маалыматты таркатуу, массалык дүрбөлөң чыккан кырдаалдагы маселелерди чечүү бюнча методология жана коопсуздук боюнча кырдаалды башкаруу борборлору сыяктуу маалымат таркатуу техникаларын өнүктүрүү.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: “ Жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдүн келиши жана талкуу жүргүзүү Кыргызстандагы кризистик кырдаалды башкарууну күчөтүүгө болгон кийинки тепкичти түзөт. Талкуунун негизи болуп канткенде Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрү борбордук жана жергиликтүү башкарууда кризистен чыгып жакшыртылган координация жана ыкмаларга ээ болуп жана мындан да маанилүү болуп кризистин келип чыгышын алдын ала билүү эсептелет.
“Стабилдүүлүк өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн, ошондой эле жарандардын жыргал жашоосунун негизги фактору болуп эсептелет. Кыргызстандагы кризистик кырдаалды башкаруунун натыйжалуу механизмин орнотуу маанилүү маселе болуп эсептелет. Кыргызстандагы кризистик кырдаалды башкарууда эл-аралык өкүлдөрдү чакыруу бул максатка жетүүгө көмөктөшөт”, деп кошумчалады Эндрю Тесорьер.
Аталган визит ЕККУнун Бишкектеги борборунун жана өкмөттүн биргелешкен ишмердигинин алкагында , Республикадагы универсалдуу алдын-алуу механизми, кризистик кырдаалдарды башкаруу жана чыр-чатактардан кийин натыйжалуу кайра калыбына келүү долбоорунун алкагында уюшулду.