ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары: ”Абактарда мониторинг жүргүзүү кыйноолорду алдын алат” дейт.
БУЛАН-СОГОТТУ, Кыргызстан, 18-август 2011-жыл – Бүгүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Акыйкатчынын Аппараты абактарда мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен методологияны өнүктүрүүгө талкууларды башташты. Бул жолугушуу ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан уюшулду.
Ысык-Көл облусундагы эки күндүк жолугушуу абактарда кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргызстандын жүргүзгөн ишинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Мониторинг жүргүзүү жана абактардагы адам укуктары боюнча отчет үчүн уюшулган топтор бул жолугушууга катышууда. Күн тартибинде бул топтор аркылуу аныкталган маселелер каралды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди:” Бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттары, эл аралык уюмдар жана жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгонун бир нече жолу айтышкан. Мындай учурлар профессионалдуу, текшерүүгө ыңгайлуу методологияга муктаждыкты жогорулатууда, себеби, бул жарандык коомдо көзөмөлгө алууга жана жогоруда айтылгандай учурлар жөнүндө маалымдап турууга колдонулат. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө түзүмдүү мамиле кылуу - Кыргызстанга кыйноолорду алдын алуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жардам берет”.
“ Голос Свободы” бейөкмөт уюмунун башчысы Сардар Багышбеков мындай деди: “Абактарда мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен методология бизге ушул сыяктуу мамлекеттик органдарда байланышты колдоого жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет”.
Бул жолугушуу ЕККУнун Бишкектеги борбору, Акыйкатчынын Аппараты жана жарандык коомдук уюмдар тарабынан абактарда мониторинг жүргүзүү үчүн кызматташуу жана кыйноолорду жоюу боюнча макулдашууга июнь айында кол коюлган меморандум сыяктуу болду.
«Жергиликтуу адам укуктары механизми аркылуу Кыргызстандагы кыйноолорду жоюга» арналган бул жолугушуу ЕККУнун Бишкекетеги борбору тарабынан анын демилгесинин бир болугу катарында уюштурулду.