ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандын адамдарды сатууга каршы иш-аракеттеринин планын тγзүүнγ колдойт
Бишкек, 7-июль 2011-жыл – Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги борбору жана башка эл аралык уюмдар адамдарды сатууга каршы жаңы улуттук иш аракет планын иштеп чыгууга колдоо көрсөтγштγ.
Бул өткөрүлүп жаткан Адамдарды сатууга каршы Υчγнчγ Улуттук Планда 2015-жылдын аягына чейин жасалчу бул иш-аракеттер аныкталат. Бγгγнкγ жолугушууда бул планды тγзγγ боюнча жумушчу топтун катышуучулары 2008-жылдан бери келаткан бул планды андан ары ишке ашыруу боюнча талкуу жγргγзγштγ. Мындан тышкары бул жолугушууга бейөкмөт уюмдардын өкγлдөрγ жана көз карандысыз эксперттер да катышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция Министрлиги тарабынан өтөрүлүп, аны колдогондор ЕККУнун Бишкектеги борборунун, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук менен кγрөшγγ боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкγлдөрγнγн, Миграция боюнча эл-аралык уюмдун жана Америкалык Юристтердин Кыргызстандагы Ассоциациясынын (American Bar Association) Мыйзамдуулук Программасынын болду.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деп белгиледи: « Адамдарды сатууга каршы Кыргызстандагы иш-аракеттер мындай кылмыштарды алдын алуу боюнча практикалык стандарттары сунуштоочу колдонмо болуп эсептелет. ЕККУнун Бишкектеги борбору өнөктөштөр менен биргеликте жаңы жана жеткиликтγγ план тγзγγ ишине колдоо көргөзөт».
Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция Министри Алмазбек Абытов мындай деп кошумчалады: «Эл аралык γлгγгө дал келγγчγ Улуттук иш-аракет планы, кγч аракеттердин ийгилигинин негизги себеби болуп эсептелет. Адамдарды сатууга каршы бул аракеттер өлкөдө жγргγзγлγγдө. Планды тγзγγ боюнча жумушчу топтун иш аракеттери абдан маанилγγ».
Планды тγзγγ боюнча иш- Кыргызстан кабыл алган эл аралык милдеттенмелерине ылайык, өкмөттγн адамдарды сатууга каршы ишинин негизинде өтγγдө. Бул аракеттерге колдоо көргөзгөн уюмдар -ЕККУнун Бишкектеги борбору, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук менен кγрөшγγ боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкγлдөрγ, Америкалык Юристтердин Кыргызстандагы Ассоциациясынын (American Bar Association) Мыйзамдуулук Программасы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция Министрлиги болушту.