ЕККУ Кыргызстандын жаңы Парламентинин алдында турган маселелерди талкуулоого платформа камсыз кылды
БИШКЕК, 28-декабрь, 2010-жыл – Бугун Бишкекте ЕККУнун Бишкекетеги борбору колдогон форум болуп ѳттү. Ал форум Кыргызстанда жаңыдан түзүлгѳн Парламенттин алдында жаткан, жана жаңыдан дайындалган биринчи коалициялык ѳкмѳттүн алдында жаткан маселелерди чечүүгѳ арналган форум болду.
Бул иш-аракетти «Саясий Партиялардын Парламенти» ѳкмѳттүк эмес уюму уюштуруп, аны колдогон тараптар- ЕККУнун борбору, NDI жана IRI болду (Американын Националдык Демократиялык Институту жана Республикалык Институту). Бул форумга Жогорку Кеңештин фракциялардын башчылары, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, Өкмѳт мүчѳлѳрү, эл аралык жана ѳкмѳттүк эмес уюмдардын ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз аналитиктер жана жалпы маалымат каражаттырынын ѳкүлдѳрү катышты.
Бул форумдун максаты - жакында жаңыдан жана алгычкы тузулгѳн коалициялык ѳкмѳттү түзгѳн Парламентке кыйынчылыктарды чечүүгѳ жана жарандардын мүдѳѳлѳрүн ишке ашырууга карата талкуу жүргүзүү болду. Катышуучулар реформага муктаж орчундуу багыттарды, жана ошондой эле, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик бутактары кабыл алуучу кадамдарды козгошту. Айрыкча бийликтегилер элдин күткѳн ой-тилектерине ылайык келүү керек экендигин, жарандардын ишенимин актоо, ѳзгѳчѳ, бийликке нааразычылык билдирген катмарлардын ишенимин актоо темасы болду.
Форумду ачып жатып, элчи Эндрю Тесорьер, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, мындай деди: “Жаңы Парламент зор жоопкерчиликтин жана элдин абдан жогорку күтүү-тилегинин ортосунда турат. Бул чогулуунун максаты - конструктивдуу диалог аркылуу, жаңы Парламентти ѳзүнүн алдындагы эн курч маселелерди чечүү аракеттерин колдоо болуп эсептелет”.
“ЕККУ эмне сунуштай алат – Парламенттин Спикери мыйзам даярдоодо жардам керек деген сунушунун негизинде, ЕККУ колнунан келген кызматын жана кеңешин камсыздоого даяр. Андан сырткары, ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын алкагында, ѳз-ара тажрыйба алмашууга да кѳмѳктѳшѳт,” деп кошумчалады ал.
Роза Акназарова, «Саясий Партиялардын Парламенти» уюмунун тѳрайымы, мындай деди: "Проблемалар кѳчѳдѳ эмес, Парламенттин ичинде чечилиши керек. Бирок андайга жетүү үчүн, Парламент биринчиден Кыргызстандын элинин ишенимине ээ болуусу керек.”
Бул форумду колдоо - ЕККУнун Кыргызстандын демократиялык плюрализмин жана саясий диалог кадамдарына карата кѳмѳктѳшүүсүнүн бир бѳлүгү болуп эсептелет.