ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандын туштугундө бажы кызматчыларын окутууну колдойт
ЖАЛАЛ-АБАД, Кыргызстан, 16-декабрь, 2010-ж. – Бүгүн Жалал-Абадда Кыргызстандын түштүгүндөгү эки шаарынын 65 бажы офицери учун тренинг өтүп жатат. Бул иш-чараны Мамлекеттик Бажы Кызматынын тренинг борбору уюштуруп жатат, ал эми каржылоочу тарап - ЕККУнун Бишкектеги борбору.
Бул бир-күндүк окутуунун төмөнку темаларды өзүнө камтыйт: бажы режимдери, бажы эрежелерин бузууларга каршы курөшүү, жана ошондой эле, контрабанданы кармоо үчүн технологияларды колдонуу кирет. Бул технологиялар - наркотик жана тыйуу салынган товарларды ташууда, анын ичинде камаз унаасы менен ташууда аларды кармоого колдонулат. Бул курсту окутуп жаткандар – Мамлектеттик Бажы Кызматынын үч мугалими.
Ушуга окшогон эле окутуу бир нече күн мурда Баткен облусунун бажы кызматчыларына да өткөрүлгөн.
“Чек арадан отүүчү контрабандага каршы күрөш – бул мыйзамдуулукту ишке ашырууда абдан маанилүү нерсе; жана ошондой эле, бул – мамлекеттин мындай кирешени чогулта алуусу – өлкөнүн өнүгүүсүнө маанилүү. ЕККУнун Бишкекетеги борбору Кыргызстандын мыйзамсыз товар ташууга каршы күрөшүү аракеттерин ушундай тренингдер аркылуу колдойт. Бул бажы кызматкерлери үчүн уюштурулган окутуулар эл аралык стандарттарды үйрөтүп, жигердүү таажрыйбаларды көрсөтөт, жана бул билимди башка коллегаларына таратуусуна багытталган,” деди Едвиж Пресле-Вайс, ЕККУ борборунун Бажы Окуусун иштеп чыгуучу долбоорунун жетекчиси.
Мээрим Абдыкадырова, Мамлектеттик Бажы Кызматынын тренинг борборунун башчысы, мындай деди: "Бажы кызматчыларынын билим денгээлин жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аябай зор мааниге ээ; бу контрабанданы кармоодо, бажы эрежелерин бузгандар менен күрөшүүдо же наркотик алып өтүүчүлөр менен күрөшүүдө маанилүү.”
ЕККУнун Бишкектеги борбору, Кыргызстандын бажы кызматын жакшыртууга багытталган мындай тренингдерди регулярдуу түрдө уланта берет.