Кыргызстанда жаштар арасында терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмди жана радикалдаштырууну алдын алуу иш аракеттери, ЕККУнун долбоору алкагында өткөн семинарда талкууланды
Семинарга 40-ка жакын Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин (ИИМ) жашы жетпегендердин ишти боюнча инспекторлор, ИИМдин экстремизмге каршы иш жүргүзгөн 10-башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Семинар 10-12 ноябрь кундөрү, 2016 ж. , Ыссык-Көл облусунун Булан-Согутту айылында болуп өттү.
ЕККУнун Бишкектеги борбору, «Ыйман» , руханий маданиятты өнүктүрүү фонду жана ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматташуусу алкагында уюштурулган үч күндүк семинар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жаштардын ортосундагы диалогту жана кызматташууну бекемдөө аркылуу, коомчулуктун, терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмдин жана радикалдаштыруунун алдын алуу маселелери боюнча, маалыматтуулук денгээлин жогорулатууга багытталган.
Семинардын алкагында катышуучулар жаштар арасында террористтик радикалдашуунун жайылышына алып келген себептер жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле, бул көрүнүштү алдын алуу үчүн эфективдүү ыкмаларды колдонууну үйрөнүштү.
«Жаштар терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмден жана радикалдаштыруудан жабыр тартышы мүмкүн. Бул жагынан, мамлекеттик бийлик органдары жаштар менен так жана тыгыз иштөөсү керек, ошондой эле мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алуу үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүсү зарыл», - деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги борборунун полиция иштери боюнча программасынын башчысы Павел Халашнюк.
2015-жылдын декабрь айында, ЕККУнун катышуучу-мамлекеттерини терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу жана күрөшүү тууралуу ар тараптуу Министрлер декларациясын кабыл алышты. Бул декларацияда жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү жана бекемдөө заарылчылыгы баса белгиленген.
Семинар ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргыз Республикасынын терроризм менен натыйжалуу күрөшүү жана терроризмге алып келген айгышкан экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу үчүн дараметин жогорулатуу программасынын алкагында уюштурулду. Дал ушундай семинар өткөн айда Кыргызстандын түштүгүндө, Ош шаарында болуп өттү. Бул иш-чаралар «Биримдиктүү ЕККУнун айгышкан экстремизмге каршы күрөшүүсү» (#UnitedCVE) аттуу коомдук кампанияга салымын кошту.