Кыргызстанда жаштар арасында терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмди жана радикалдаштырууну алдын алуу иш аракеттери, ЕККУнун долбоору алкагында откон семинарда талкууланды
ОШ, Кыргызстан, 22 октябрь 2016 ж. – Бүгүн, Ош шаарында аяктаган интенсивдүү семинардын алкагында, терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмди жана радикалдаштырууну алдын алуу маселелери талкууланды. Семинарга Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жашы жетпегендердин иштери тууралуу инспекторлордун, Ош шаарынын аймактык жаштар кенештердин лидерлердин, ошондой эле Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин 50-гө жакын өкүлдөрү катышты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун жана «Ыйман» аттуу, руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун кызматташуусу алдында уюштурулган алты күндүк семинар терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизм жана радикалдаштыруу мамлекеттик бийлик органдарынын жана жаштардын ортосундагы диалогту жана кызматташууну бекемдөө аркылуу, коомчулуктун, терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмдин жана радикалдаштыруунун алдын алуу маселелери боюнча, маалымат менен камсыз болуу денгээлин жогорулатууга багытталган. Семинардын алкагында катышуучулар жаштар арасында террористтик радикалдашуунун таралышына алып келген себептер жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле, бул көрүнүштү алдын алуу үчүн эфективдүү ыкмаларды колдонууну уйронушту.
«ЕККУнун Бишкектеги борбору Ош шаарынын аймактык жаштар кенештери менен жемиштүү кызматташып жана аларга колдоо көрсөтуп келет. Мисалы, талаш-тартышты медиация аркылуу жѳнгѳ салуу, чыр-чатактарды жана айыгышкан экстремизмди алдын алуу сыяктуу маселелер боюнча маалымат менен камсыз болуу денгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн иш-чараларды уюштурат», - деп билдирди ЕККУнун Ош шаарындагы окулчулугунун жетекчиси Уильям Лиф.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ысакбай Мурзабеков, айгышкан экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Жаштардын айыгышкан экстремизмге кошулуусуна жол бербөө үчүн, биз мекемелер аралык кызматташтыкты жакшыртып жана бекемдеп, эл аралык уюмдар жана бейөкмөт уюмдар менен иш алып барышыбыз зарыл».
2015-жылдын декабрь айында, ЕККУнун катышуучу-мамлекеттеринин терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу жана күрөшүү тууралуу ар тараптуу Министрлер декларациясын кабыл алышты. Бул декларацияда жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү жана бекемдөө зарылчылыгы баса белгиленген.
Семинар ЕККУнун Бишкектеги борборунун Кыргыз Республикасынын терроризм менен натыйжалуу күрөшүү жана терроризмге алып келген айгышкан экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу үчүн дараметин жогорулатуу программасынын алкагында уюштурулду. Семинар ошондой эле «Биримдиктүү ЕККУнун айгышкан экстремизмге каршы күрөшүүсү» (#UnitedCVE) аттуу коомдук кампанияга салымын кошту.