ЕККУнун Бишкектеги Академиясы магистердик программага жаңы лицензия алды

БИШКЕК, 18-февраль 2016 жыл – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги ЕККУ Академиясынын Борбордук Азияга таянычы менен болгон саясый илимдер боюнча магистердик программасына жаңы лицензия тапшырды. Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Борборунун башчысы Сергей Капинос, лицензияны Академиянын Директору Пал Дунайга ЕККУнун Борборунда тапшырды.
«Линцензиянын узартылуусу жана колдонуудагы ЕККУ менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумун узартуу боюнча процесстин бүтөйүн дегени кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен 2002-жылы түзүлгөн Академиянын жетишкендиктерин таануусу», - деп айтты элчи Капинос.
Академия Борбордук Азияда жаш окумуштуулардын потенциалын жогорулатууга өзүнүн академиялык программалары, адистерди даярдоо боюнча тренингтери жана мамлекеттик саясатты изилдөөгө багытталган борбор жана диалог катары салым кошуп келет, деп белгилеп кетти элчи.
Азем учурунда, Пал Дунай Академиянын өлкөдө болушунун маанилүүлүгүн белгилеп кетти: «Академия ЕККУнун регионалдык демилгеси болуп, дипломдон кийинки билим берүү, адистерди даярдоо боюнча тренингтер жана билим тармагында тажрыйба алмашуу аркылуу регионалдык кызматташтыкты, конфликттердин алдын алуу жана Борбордук Азияда эффективдүү башкарууну илгерилетет».
2015-жылга, 330-дан ашык жаш профессионалдар ЕККУ Академиясынын магистердик программасын аякташты. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү мамлекеттик мекемелерде, жараандык сектордо жана университеттерде иштешет.
ЕККУ Академиясы Кыргыз Республикасынын өкмөтү берген имаратта жайгашып, дипломдон кийинки «Саясат жана Коопсуздук» жана «Экономикалык башкаруу жана өнүгүү» багытындагы магистердик программаларды сунуш кылат. Академиянын студенттеринин көпчүлүгү Борбордук Азиянын беш мамлекеттеринен жана 2008-жылдан баштап Афганистанданда келишет. Академияны ЕККУнун Бишкекетеги Борбору колдоп келет жана кошумча ЕККУнун 57 мүчө-өлкөлөрүнүн 22 өлкөсү, андан сырткары ушул мамлекеттердин бир нече окуу жайлары тарабынан каржыланат.