Бишкектеги ЕККУ Борбору Орхус конвенциясынын жоболору жөнүндө маселелер боюнча тренинг-семинар өткөрдү
БИШКЕК, 18-ноябрь 2015-жыл - Бишкектеги Орхус борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бирге кызматташуусунун натыйжасында бүгүнкү күнгө карата, 30 ка жакын укук коргоо уюмдарынын, өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн, юридикалык консультанттарды, юристтерди жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларын, Орхус Конвенциясынын принциптеринин негизинде, экологиялык маселелер боюнча укуктук жактарга өзгөчө акцент берүү менен окутуп үйрөттү.
Өткөрүлгөн семинарда анын катышуучулары Орхус конвенциясы менен таанышып чыгышты жана курчап турган чөйрө жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча Кыргызстандын мыйзамдарын кантип туура колдонууну жана интерпретациялоо кылууну чечмелөөнү билишти.
"Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн, таза тунук курчап турган чөйрөдө жашаш үчүн укук ачкычы болуп, Орхус Конвенциясы тарабынан жактырылган чечимдерди кабыл алуу процесстеринде катышуу жана экологиялык маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк саналат"-деп белгиледи өзүнүн сөзүндө, Бишкектеги ЕККУ Борборунун экономикалык жана экологиялык маселелер боюнча ага кызматкери Юлия Минаева.
Ал өз сөзүндө Орхус конвенциясын улуттук деңгээлде ишке ашыруу үчүн багытталган мүмкүндүктөрдү иштеп чыгуу жана маалыматтуулукту жогорулатуу зарылдыгы бар экендигин кошумчалай кетти.
Адиль Нурбеков, Бишкектеги Орхус борборунун жетекчиси: "Бул окуулар семинардын катышуучуларына, курчап турган чөйрө жөнүндө мыйзамдарды колдонуунун негизин, бардык чыр- чатактарды чечүү үчүн мыйзамсыз чараларды колдонууну азайтуу мүмкүндүгү жөнүндө консультацияларды берет"-деп билдирди.
Бул тренинг семинар Бишкектеги ЕККУ Борбору тарабынан болжолдонгон окуу курстарынын ичиндеги биринчиси жана Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын башкаруу жаатындагы тиешелүү башкарууну жылдыруу боюнча ЕККУ Борборунун долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.