Бишкектеги ЕККУ Борбору Кыргызстандагы эко-журналистика регионалдык фестивалын колдойт
Бишкектеги ЕККУ Борбору Кыргызстандын түштүгүндө Ош шаарында 2015-жылдын 15 жана 16-октябрында эко-журналистика регионалдык фестивалын, Фергана өрөөнүндө экологиялык журналистиканы колдоо жана коомчулуктун экологиялык көйгөйлөр жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү натыйжалуу башкаруу максатында уюштурган.
Фестивал Кыргызстандан жана Тажикстандан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуу, экологиялык журналистикадагы көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүү, Орхус Борборлорунун ишмердүүлүгү тууралуу билип, жергиликтүү уран кендеринин калдыктары кайсы жерлерде сакталып тургандыгы тууралуу жана ошол жерлерде болуу максатын көздөгөн .
Каныбек Исабаев, Оштогу Орхус Борборунун директору, фестивал бул өткөн жылдын сентябрындагы Тажикстандын түндүгүндө, Худжандагы Орхус Борборунун кызматташтык жөнүндө меморандумунун жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.
"Биз экологиялык кырсыктын тобокелин төмөндөтүү үчүн, жамааттардын потенциалын өстүрүү жана кабардар болуусун жогорулатуунун маанисин түшүнүүгө келдик,"-деп белгиледи ал, мында массалык маалымат каражаттарынын аткарган ишин баалабай коюу мүмкүн эмес деди ал өз сөзүндө.
Юлия Минаева, Бишкектеги ЕККУ Борборунун экономикалык жана экологиялык маселелер боюнча ага кызматкери, «Курчап турган чөйрө жана коопсуздук булар өтө тыгыз байланышкан тармактар, бул жерде кабардар болууну жогорулатууда негизги маанилүү байланыштар, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусун колдоо маселелери боюнча байланыштар орун алган» -деп белгиледи.
"Бул окуя Кыргызстандын жана Тажикстандын Орхус борборлорунун ортосунда регионалдык кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтөт"-деп кошумчалады ал өз сөзүндө.
Июлдун башында Бишкектеги ЕККУ Борбору жана Кыргызстандын жана Тажикстандын Орхус борборлору журналисттердин ортосунда экологиялык багыттарда мыкты докладдарды аныктоо боюнча конкурс жарыялашкан.
Бул жылдагы тема Кыргызстандын жана Тажикстандын чек аралык райондорунда жаратылыш кырсыктарынын тобокелин башкаруу жаатында алдыңкы тажрыйбалар жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу жөнүндө болду. Орхус борборлору жүздөгөн статья, теле- жана радио билдирүүлөрдү алышты.
Ар бир өлкөдөн он жеңүүчү тандалып алынды жана фестивалдын алкагында сыйлоо үчүн чакырылды. Бул иш чара, жергиликтүү жамааттардын кабардар болуусун жогорулатуу боюнча, кырсыктардын тобокелин төмөндөтүү жаатында Орхус борборлорунун потенциалын бекемдөө боюнча Бишкектеги ЕККУ Борборунун долбоордук бөлүгү болуп саналат.