ЕККУ терроризм жана радикализацияга каршы аракет көрүү боюнча талкууну колдойт
ЕККУ тарабынан колдоого алынган, терроризмге алып келүүчү айыгышкан экстремизм жана радикализацияга каршы аракет көрүү боюнча семинар 28-29-майда 2012-жылы өттү.
Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борбору жана ЕККУнун Секретариатынын улуттар аралык Департаментинин Антитеррористтик бөлүгүнүн кызматташуусу алдында уюшулду.
Аталган семинардын максаты – радикализацияны, терроризмге алып келүүчү түпкү факторлорду жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү улуттук саясат жана ар кандай бийлик өкүлдөрү, жарандык коомдун катышуусу аркылуу натыйжалуу методдорду талкуулоо болду.
“Терроризмге каршы күрөшүүдө комплекстүү мамиле кылуу талап кылынат, - деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Андерс Труэдссон. - Терроризмдин көрүнүштөрүнө каршы туруу гана маанилүү болбостон, анын өнүгүшүнө алып келүүчү кырдаалдарды табуу жана жоюу да абдан маанилүү болуп эсептелет.”
“Укук коргоо органдары коопсуздук коркунучуна каршы турууда маанилүү роль ойнойт. Бирок терроризмдин көрүнүштөрү менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жергиликтүү жана жарандык коом менен биргеликте иш алып баруулары керек, ошондой эле, мамлекеттин кеңири саясатынын алкагында иш алып баруу талап кылынат”, - деп кошумчалады Труэдссон.
УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары жана Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Рустам Мамасадыков чет мамлекеттик жана эл аралык эксперттердин талкуунун жүрүшүнө кошкон салымын мындан кубаттап, мындай деди: “Азыркы убакта терроризм жана айыгышкан экстремизм улуттук чектен чыгууда жана ары чоң көйгөйдөгү мүнөзгө ээ болууда. Биз баарыбыз дүйнөлүк анти-террористтик кызматташууга альтернатива жок экен деген түшүнүккө келдик. Демократиялык коомдо айыгышкан экстремизм жана терроризм жөнөкөй көрүнүш катары кабыл алынбашы керек; биз бул көрүнүштөр коомчулук тарабынан туура келбеген көрүнүш катары кабыл алынышы үчүн биргеликте иш алып баруубуз зарыл.”
ИИМдин онунчу башкармалыгынын жетекчиси, полковник Таалайбек Акбаев мындай деп кошумчалады: “Кээде бир нече саат же бир нече мүнөттөр, террористтик аракетти алдын алууга жетиштүү. Бирок, терроризмди натыйжалуу алдын алуу үчүн жана анын көрүнүштөрүн келечегибизден түп тамырынан кыскартууга коомдун бардык мүчөлөрүнүн комплекстүү иш алып баруулары керек.”
Бул иш-чара Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун 50 өкүлүнүн башын бириктирди. Ошондой эле, аталган иш-чарага чет мамлекеттик жана эл аралык эксперттер мыйзамдын улуктугун жана адам укуктарын сактап, терроризмге алып келүүчү радикализацияга каршы аракеттерди көрүү боюнча чогулган ыкмалары жана алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.