ЕККУ Кыргызстандагы акчанын изин жашыруу коркунучун баалоо боюнча семинарды колдойт
Акчанын изин жашыруу коркунучун баалоо боюнча 3-күндүк семинар 2012-жылдын 13-мартында башталды. Бул иш-чара ЕККУ, Дүйнөлүк Банк жана БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы , Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы менен биргеликте уюшулду.
Бул семинар улуттук комплекстүү баалоонун биринчи баскычы болуп эсептелет жана Кыргызстандын юрисдикциясындагы акчанын изин жашыруу коркунучун баалоого багытталган. Бул мамлекетке кылмыштуулуктан түшкөн кирешени түшүндүрөт, акчанын изин жашырууга каршы турууга экономика жана финансы секторлорунун алсыздыгы, ошондой эле, сот адилеттиги системасы жана превентивдик система да кирет. Семинардын жүрүшүндө ЕККУ, Дүйнөлүк Банк, БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эксперттери Дүйнөлүк Банктын улуттук коркунучту баалоо методологиясы жана инструменттери менен таанышышты.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жана терроризмди каржылоого каршы туруу иштерине тийиштүү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө алар улуттук акчанын изин жашыруу коркунучун баалоо инструментинин структурасы, өзгөчөлүгү, функциясы тууралуу кийин иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн кабардар болушту.